Сузак районуна өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу 4 күндөн бери Сузактын борборунда азык-түлүк саткан дүкөндөр жабылганы тууралуу маалымат тарады. Кырдаал боюнча Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз азык-түлүк дүкөндөрдүн иштөө графигин түзүп, кезек менен бир күндө 4 азык-түлүк дүкөндүн иштөөсүнө уруксат бердик. Мындан сырткары бул маселе тууралуу комендант менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - дейт аким.