Фергана облусунун депутаты үйүн сатып муктаждарга жардам берди

Өзбекстандын Фергана облусунун депутаты муктаждарга жардам берүү үчүн жакында эле куруп бүтүргөн үйүн саткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып жатышат.

Алтыарык райондук кеңешинин депутаты Абдулложон Исоков муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү акциясын алгачкылардан болуп баштаган. Ал жакында эле балдарына арнап курган үйүн саткан.

Үйдү саткандан кийинки сатыктын акчасына депутат райондун элине тамак-аш, азык-түлүк алып берип, жардам колун сунган. Жергиликтүү бийлик өкүлү бул кайрымдуулук ишин эч кимге көрсөтпөй, жашыруун кылууга аракет кылган, бирок ага карабай жергиликтүү маалымат булактары башка бийлик өкүлдөрүнө үлгү болсун деген таризде бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу депутаттын кайрымдуулук ишин жарыялап жиберишкен. Атүгүл депутат журналисттерден анын кайрымдуулук ишин чагылдырууну токтотуусун суранган, ал эми маалымат каражат өкүлдөрү сунушка макул болушкан эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekhaliev
2020-04-08 09:57:05
Ото кыйын а соз жок,.........
+11
rola
2020-04-08 10:15:32
Биздин депутаттар жардамга келген акчаларга оздоруно уй алып алсам деп жан талашат кайра.
+11
chake
2020-04-08 10:42:59
молодец биздин саясатчылар Адахан баш болуп унум жок май жок деп кайра элге жардам берүүнүн ордуна дог урунат
+6
Krai
2020-04-08 11:41:37
Эл уулу деген ушул болот терең таазим сиздей уул кыздардын ушундай жакшылыктарына өлкө өнүгөт
+2
Aikaaaa
2020-04-09 02:33:59
Ушуну челленж баштап биздин депутаттарга берсе аткарышат беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан