Владимир Путин COVID-19га каршы эмдөөдөн качан өтөрүн айтууга убада берди

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус инфекциясына каршы өзүн эмдөө жөнүндөгү ойлору тууралуу чечимди шейшемби күнү кабыл аларын жана эмдөө качан болорун айтууга убада берди. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Орусиянын өлкө башчысы Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Орусиянын вакцинасы менен COVID-19га каршы өзүнө эмдөө алгандан кийин өлкөгө барууга даяр экендигин билдирген.

Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эпидемиологиялык абалдын деңгээлин курчутпоо үчүн, албетте, эмдөө керек экенин жана эмдөөлөр жөнүндө маалыматтарды коомчулуктан жашырбай кабарлап турарын убада кылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан