"Мурдагы министр түзгөн келишимди жаңы келген министр бузду" деген билдирүү чындыкка дал келбейт

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына жаңы келген саламаттыкты сактоо министрине тиешелүү билдирүү калтырган. Анда "Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев медицина кызматкерлери үчүн коргоочу костюмдарды буюртма аркылуу тиктирүү үчүн тигүүчүлөр менен келишим түзгөн экен, аны жаңы келген министр бузуп салыптыр" деп айтылган.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тигүүчүлөр менен түзүлгөн келишим бузулбаганын бүгүн, 8-апрелде онлайн маалымат жыйында кабарлады.

"Айрым маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда ар кандай жалган маалыматтар тарап жатат. Анда мен - жаңы министр коргоочу костюмдарды тиккен ишкана менен түзүлгөн келишимди бузуп жатканым айтылган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Келишимди Саламаттыкты сактоо министрлиги түзөт. Биз келшимдеги эрежелерди так аткарганга милдеттүүбүз. Жогорудагы билдирүү боюнча кабатырлануунун кажети жок. Такталбаган маалыматтарды жазуудан алыс болууга чакырам", - деди министр.

8-апрель саат 10:00гө карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 270ке жетти. 25 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза болгондор 4.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан