Ысык-Көл облусунун «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик постундагы милиция кызматкерлери атайын коргоо кийимдери менен кызмат өтөшүүдө.
Балыкчы шаарынын «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик постунда кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлери COVID-19 илдетин жуктурбоо үчүн атайын коргоо кийимдери менен камсыз болушту. Учурда Балыкчы шаарында бир санитардык-карантиндик жана төрт фильтрациялык пост иштөөдө. Аталган посттордо күнү-түнү өзүнүн кезеги менен милициянын 16 кызматкери иштеп, облуска кирип жана чыгып жаткан жарандарды, ошондой эле автоунааларды көзөмөлдөшүүдө.
Ушундай эле атайын коргоо кийимдери менен Ысык-Көл районунун милициясы да камсыз болушкан. Аталган региондо 11, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында 2 фильтрациялык пост уюштурулуп, анда 36 милициянын кызматкери иш алып барышууда. Санитардык-карантиндик жана фильтрациялык посттордон сырткары кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында карантиндик режимдин талаптарын сактоо, ошондой эле медицина кызматкерлеринин жугуштуу илдеттен сактануу боюнча берген кеп-кеӊештерин аткаруу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин өткөрүшүүдө.