Коронавирустун кесепетинен "Аткарылбас миссия 7" тасмасын тартуу иштери жылдырылды

Коронавирустун айынан "Аткарылбас миссия 7" тасмасын тартуу иштери жылдырылды. Мындай маалыматты "Paramount Pictures" киностудиясы маалымдаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, аталган тасманы тартуу иштери Италиянын Венеция шаарында болуп, үч аптага созулмак. Бирок Италияда коронавирус менен жабыркагандар аныкталгандыктан, тасманы тартуучу топтун жана актёр, актрисалардын коопсуздугу үчүн иш убактылуу токтотулду. Андан сырткары Венеция бийлиги коомдук иш-чараларды өткөрбөөнү тапшырган.

"Аткарылбас миссия 7" тасмасы 2021-жылдын июль айында экранга чыгары күтүлүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Италияда 200дөн ашуун жаран коронавирустан жабыркаган. Алардын жетөө каза болгон деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан