Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Наталья Никитенко Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отурумга эмнеге келбегенин сурады.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин имаратында жүргөнүн айтты.
Анда депутат Искендер Матраимов Абдыгулов жыйынга келип, насыяны төлөө боюнча шарттар боюнча айтып бериши керектигин билдирди.
"Мүмкүн болсо Абдыгулов өзү жыйынга келсе жакшы болмок. Насыя төлөө шарттары боюнча маселени чечкенге аракет кылышыбыз керек. Эл кыйналып жатат. Бир жыйынтыкка келишибиз зарыл. Силер айткан маселени биз элге айтышыбыз керек. Абдыгулов президент менен жолукканда башкача, брифинг өткөргөндө башкача сүйлөп жатат. Өзү келип түшүндүрүп берсе, бул маселеге чекит коёт элек", - деди ал.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Матраимов өзгөчө кырдаал шартында банктардан алган насыяларын төлөөдөн кыйналып жаткан шайлоочулардан суроо көп болуп жатканын билдирген.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн отчёту каралууда.