7-апрелде Кыргыз футбол союзунун аткаруучу комитетинин жыйыны болуп өттү. Өзгөчө абалга байланыштуу жыйын онлайн түрүндө өттү. Жыйында аймактык ассоциацияларга материалдык көмөк көрсөтүү, ошондой эле футбол жана футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командалардын оюнчуларынын футбол ардагерлерине, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү сунушу башкы маселе болду.
Футбол жана футзал боюнча эркектер жана кыз-келиндер курама командаларынын оюнчулары Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү демилгеси менен кайрылышкан. Кыргыз футбол союзу толугу менен бул демилгени колдоду. Аракетти бириктирип, биргеликте эки тарапта жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды: бардык аймактык ассоциацияларга (жалпы 9 ассоциация: Бишкек жана Ош шаарлары, Нарын, Талас, Баткен, Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары), ошондой эле футбол ардагерлерине жана республика боюнча өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөргө (94 үй-бүлө) материалдык жардам көрсөтүү. Жалпы сумма 1 000 000 сомду түздү.
Азыркы учурда футбол үй-бүлөсүнө камкордук кылуу алгылыктуу маселе болуп турат. Жалпы бардыгыбыз биргеликте бул күндөрдү артка калтырып, стадиондордогу көк майсаңдагы футбол кайрадан көз кубантсын. Бул күндөрдө четте турбай, жакындарыбызга камкордук кылуу абдан маанилүү болуп турат.