Бузулукта калып калган мекендештерди алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулууда

Оренбург облусунун Бузулук районунда калып калган Кыргыз жарандарын алып келүү боюнча чартердик каттам уюштуруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Оренбург-Бишкек каттамы менен 200 жаранды: биринчи кезекте оорулуулар, улгайгандар, кош бойлуу аялдарды алып келүү пландалууда. Тилекке каршы, Оренбург облусунун Бузулук районунда жайгашкан 500дөн ашуун Кыргыз жарандары айрым саясатчы жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн жалган маалыматтарына ишенип, оор кырдаалга туш болушту.

17-май күнү элчиликтин тажрыйбалуу дипломаттары сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү боюнча тизмени тактоо үчүн Бузулук районуна, эл жайгашкан аймакка барышты. Оренбург облусунун жетекчилигинин, кыргыз диаспорасынын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кыргыз жарандарын азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси чечилди.

Элчиликтин алдындагы штаб Казак чек арасы жабык болгондуктан, Оренбург облусуна аттанып жаткан жарандарды жолго чыкпоого жана расмий булактарда гана жарыяланган маалыматтарга ишенүүгө чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Blueaffair
2020-05-17 16:09:59
Жолго чыкпаган не ачка жата беришсинби
-4
Krai
2020-05-18 02:41:59
Учурдан пайдаланып кээ бир кыргыздын душман саясатчылары күйгүздү элдин атынан сүйлөшүп антсе болмок мынтсе болмок дешип.мамытбектин кызы жетип барыптыр как будьто алардын ишин чечип жонуна көтөрүп келе тургансып өзүң ушундайда элге жагынгысы келеби пиардын да эби чени болуш керек да чындап куйсон ошол барып келген чыгымдарынды которбойсунбу тамак аш алып жеп тургула мекендештер деп...бул жерде сен өзүңдү көрсөткөнүн көрүнүп турат дагы кыргыздын деми имиш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан