"Ухан вирусу": Дүйнөдө илдеттен айыккандардын саны 40 миллиондон ашты

Бүгүн, 1-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 63 миллион 189 миң 103 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 40 миллион 476 миң 138 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 466 миң 762 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 13 миллион 536 миң 216 болду. 267 миң 987 адам каза болсо, 5 миллион 146 миң 319 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 431 миң 691 адамдан аныкталды. 137 миң 139 адам каза болсо, 8 миллион 847 миң 600 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 335 миң 878 адам вируска кабылган. 173 миң 120 бейтап көз жумса, 5 миллион 597 миң 802 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан