Италияда карылар үйүндө иштеген медайымдарды бет кап тагынбагыла деп мажбурлашкан. Ал жакта 100дөй адам коронавирустан каза болгон

Италиянын Милан шаарындагы карылар үйүндө медайымдарды медициналык бет кап тагынбай иштөөгө мажбурлашкан. Бул тууралуу "Pio Albergo Trivulzio" карылар үйүндө иштеген медайым айтып чыкканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Медайымдын айтымында, карылар үйүнүн жетекчилиги улгайган адамдарды дүрбөтпөө үчүн бет кап тагынбай иштегиле деген. Медицина кызматкери карылар үйүндө учурда канча адамга вирус жукканын же жукпаганын билбей турганын билдирген. Акыркы 2 айда аталган карылар үйүндө 100дөй киши коронавирустан каза болгон.

Учурда жергиликтүү прокуратура медайым көтөрүп чыккан маселеге көңүл буруп, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Италияда 9-апрелге карата 139 миң 442 адам жабыркап, анын 26 миң 491и айыгып, ооруканадан чыгарылган. 17 миң 669 жаран вирустан көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан