Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 21 миң 983 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 411 адам каза болсо, 18 миң 735 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5974 (айыккандар 4219);
Санкт-Петербург - 1756 (айыккандар 912);
Москва облусу - 760 (айыккандар 493);
Нижегород облусу- 433 (айыккандар 449) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 880 миң 511 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 32 миң 443 адам каза болсо, 1 миллион 406 миң 903 бейтап айыгып чыкты.