Коронавирус жуктурду делинген 34 медицина кызматкеринин арасында ашкананын жумушчулары, кир жууп иштегендер бар

Ош облусундагы медицина кызматкерлери тобу менен ооруну жуктуруп алганын иликтөө үчүн аталган аймакка инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетишти. Алардын вирусту жуктуруп алгандыгы боюнча териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттыкты сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыкканы маалым болду. Алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жууп иштегендер бар экенин республикалык штабдан кабарлашты.

“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деген саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stal.ks
2020-04-09 14:20:29
бул эмнеге деген шалакылык, ашпозчуга чейин жукса, демек тушундуруу иштери чала, жакшы болгон эмес, жоопкерчилик жок жетекчилерде, ушундайда так жана туура ишинерди корсоткуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан