Кейиштүү көрүнүш! Гепариндин айынан Бишкектеги дарыкананын алдында түнгө карабай узун кезек жаралды

Социалдык тармакка Бишкектеги дарыканалардын биринде узун кезекке тургандардын сүрөттөрү жарыяланды. Анда болжол менен 400дөн ашуун адамдарды көрүүгө болот. Сүрөт 12-июлга караган түнү тартылган.

Интернет колдонуучу тарабынан жарыяланган сүрөткө төмөндөгүдөй билдирүү жазылган.

"Неман" дарыканасына Гепарин антикоагулянты келип, 450 сомдон сатылууда деген кеп тарагандан кийин эле ал жерге 300-400 киши кезекке туруп калышты. Ушундан улам элдин абдан көп ооруп жатканын билсек болот. Бул дарынын бир ампуласын бир канча эсеге кымбат ортомчулардан сатып алганбыз деген дарыланып жаткандар. Элдин азыркы суроо-талабын эске алып, атайын Гепарин алдырган "Неман" аптекасына ыраазычылык билдирели. Азаматтар!

Бирок жаман жери, эми аны да алып-сатарлар келип арзан алышат да, кайра элге кымбат сата башташат. Дары азыр бизге аба, суудай эле керек болуп турат. Албетте эч ким оорубасын, дарыны да ичпей эле коёлу деп тилейли! Бирок, ошентсе да азыркы күндүн талабы болуп турат", - деп айтылат анда.

Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда Клексан, Гепарин, Цефепим, Цефуроксим жана башка вируска каршы дарыларды издегендер көбөйүүдө. Бул дарыларды табуу кыйынчылык жаратып, айрымдары дары-дармектерди чет өлкөдөн алдыртып жаткандарын жазышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tina-Tin
2020-07-12 12:24:01
Окунучтуу((((
+5
nargiz-sa
2020-07-12 13:04:28
Көзөмөлдүн жоктугу тартиптин жоктугу ортомчулардын күнүн туудуруп жатышат. Бизде аткаруу бийлиги да, көзөмөл органдары да өз миссияларын аткарышпайт. Намысыбызды өзүбүз тебеледик. Жок дегенде Кудайдан коркпой калдык.
+8
alym21
2020-07-12 13:43:10
Кезектин жарымы перекупщиктер болсо керек,элдин оорусунун,кайгысынын устунон акча жегендер бир кун келет,кусасынар!!!
+7
Gsuita
2020-07-12 16:25:10
Гепаринди 1500 дөн алдык биз. Ошончо кымбат кошуп сатып жатат экен да ортомчулар. Элге түшкөн кайгыдан байлык топтогондор жарыбайт го акмактар.
+4
turaliev
2020-07-13 11:11:52
Гепарин 300-400 Клексан 700-800 Тапим 100-200 эле сом, калганы спекулянттардын кошкону. Элестеткиле клександы 10.000-20.000 сомдон сатып атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан