Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробеков менен Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын беришти.
Анда шаар комендантына маркумду акыркы сапарга узатууда карантинге карабай эл чогулуп жаткан учурлар болуп жаткандыгы боюнча маселе айтылды.
Жеңишбек Жоробеков эл чогулбаганын, айрым учурда акыркы сапарга узатуу зыйнатына өзү катышып жатканын белгиледи.
"Ооба, мындай маалыматтар бизге да келип жатат. Маселе боюнча ыкчам штаб маалымат алып, тиешелүү аракеттерди жасап жатышат. Биздин аймакта бир дагы факты катталган жок. Кээде жаназа болгон жерлерге өзүм барып жатам. Жалпыбызга маалым болгондой, талапка ылайык, эл чогулбашы керек. Кудай буюрса, карантин бүтсө эл мурдагыдай топтоло алышат", - деди комендант.