Украинанын биринчи айымы коронавирус жуктуруп алды

Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары расмий маалыматка таянуу менен жазышууда.

"Елена Зеленскаянын COVID-19 илдетине каршы тапшырган тестинин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн. Ал эми үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн тести таза чыккан. Учурда Елена Зеленская обочолонуу менен амбулатордук дарыланууда. Өзүн жакшы сезип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Елена Зеленская коронавирусту качан, кайдан жуктуруп алганы белгисиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2020-06-12 18:04:28
Куйоосу баякуну айтып атты эле мен жуктуруп коройун бирок кайра уй булоомду ойлоп бул ойуман кайттым деген.
+2
Akoga
2020-06-12 18:11:36
Аялы өзү эле билбесе, эч ким билбейт да.
+2
Belek1710
2020-06-13 01:19:30
Володимир тилегинин жарымына жетиптир, эми аялынын жанынан чыкпай жүрсө эле тилегине толук жетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан