Өзгөчө абал учурунда журналисттерге Кыргыз өлкөсүндөгүдөй чектөө Орусияда, Казакстанда жок

Кыргыз өлкөсүндө көз карандысыз журналисттер үчүн өзгөчө абал учурунда окурмандарга толук кандуу маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат. 30-мартта Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын билдирген.

Бул боюнча бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү нааразычылыгын билдирип, кайрылуу жазышкан. "Медиа Полиси Институту" уюмунан Бишкектин комендантынын чечими Баш мыйзамга, "Өзгөчө абал жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна каршы келерин билдиришкен.

Казакстанда өзгөчө абал убагында дүкөн, дарыкана, мамлекеттик органдар, коммуналдык кызматтар менен биргеликте маалымат каражаттарына да иштегенге мүмкүнчүлүк берилген. Ал жакта журналисттерде редакциянын тапшырма кагазы болсо чектөөсүз иштей алат.

Ошондой эле Орусияда дагы Кыргыз өлкөсүндөгүдөй чектөө жок, журналисттер өзгөчө абал учурунда элди маалымат менен камсыздай алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан