Коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна өкмөт кандай даярдыктарды көрүп жатканын айтты

Өлкөдө күз мезгилинде калкка акысыз вакцина саюу иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында кабарлады.

"Пандемиянын күз мезгилинде күтүлүп жаткан экинчи толкунуна каршы чараларды көрүп жатабыз. Алардын бири - курч вирустук респиратордук инфекция, сасык тумоо ооруларына каршы вакцинация жүргүзүү. Азырынча COVID-19га каршы вакцина жок болгондуктан, башка инфекциялык оорулардан сактанып турушубуз керек.

Калктын жакыр жашаган катмары, социалдык жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар, андыктан вакцинация акысыз жүргүзүлөт. Албетте, ар кимдин каалоосуна жараша болот.

Мындан улам дүйнөлүк адистердин кеңеши менен калкка күз мезгилинде вакцинация жасайбыз. Биз вакцинага тапшырык берип койгонбуз", - деди Боронов.

Ошондой эле экинчи толкунга даяр болуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги медициналык адистерди даярдоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

"Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык билими бар жарандар менен келишим түзүүгө уруксат берилген.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө алган тажрыйбабызды эске алып, пандемиянын күз мезгилинде күтүлүп жаткан экинчи толкунуна бир вице-премьер министрди бөлүп берүүнү чечтик. Бардык жумуштар анын жетекчилиги астында болот", - деди Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rola
2020-07-21 16:48:51
Экинчи толкуну эмес биринчисине нормальный даярданбадынар.Эми вакцина деп атып ар бир адамга чип орнотушпаса болду.
+1
Paol
2020-07-22 08:26:34
rola,)))))))))))))))))))))))))))))))катуу жаздыныз
0
nurali1989
2020-07-21 17:05:35
Толкун Полкуну жок эле, оору жоголуп жатат деп эле койгулачы. Адамдарды кыжалат кылбай, суйунуп калалы
+1
Nuri1988Elim2010
2020-07-21 19:52:15
Жаман нервке тийишетта, бир нерсени кыйратпай эле сөз менен айтып отурушат, ушул убакка чейин эмнени кыйраттынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан