Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйында облустагы акыркы кырдаал тууралуу айтып, жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.
Жыйын учурунда жаран мечитте намаз окууга чектөө тууралуу комендантка суроо узатты.
"Бул чектөө баарына бирдей болуп жатат, кайсы гана тармак болбосун. Албетте, туура түшүнүңүздөр, бул чектөөнү киргизүү убакыттын талабы. Бирок ошол эле учурда намазга кандайдыр бир чектөө болгон жок, болгону жамаат болуп топтолуу чектелип жатат. Ошондуктан тиешелүү парз, сүннөттөрдү үйдө окуп сыйынып, иманыңызды бекемдөөгө тоскоолдук болбой эле", - деп билдирди Жоробеков.