Өткөн суткада өлкөдө 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Бишкек шаары - 2;
Чүй облусу - 3;
Нарын облусу - 6.
Санкт-Петербургдан келген мекендештерден 10 адамдан коронавирус аныкталды.
Муну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138ге жетти.