Республикада 5-февралдан бери коронавирусту аныктоо боюнча 20 миң 901 анализ алынган. Анын ичинен 15 миң 117синин анализи чыккан. Мындай маалыматты бүгүн, 9-апрелде онлайн маалымат жыйын учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айткан.
"Оору жуктуруп алгандар менен байланышта болгон биринчи категориядагы адамдардын саны 1 миң 58, ал эми экинчи категориядагылардын саны 5 миң 210", - деген Каратаев.
Бүгүн, 9-апрелге карата COVID-19 инфекциясын дагы 10 адам жуктуруп алганы аныкталган. Жалпысынан өлкө боюнча 280 адам жабыркап жатат.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 86 адам;
Ош облусунда – 98 адам;
Чүй облусунда – 7 адам;
Баткен облусунда – 4 адам;
Ош шаарында – 36 адам;
Бишкек шаарында – 36 адам;
Нарын облусунда – 10 адам;
Ысык-Көл облусунда – 3 адам.
Стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалымдалды.
Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынан 23 адам коронавирус жуктуруп алган. Ошондой эле COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 6 миң 268.