Ош шаарынын коменданты: "Журналисттердин маалымат алуусуна тоскоолдук болбойт"

"Журналисттердин маалымат алышына тоскоолдук жок. Биз жасалып жаткан иштерди акыйкат, ачык чагылдырып берүүгө аракет жасап жатабыз" деген оюн бүгүн, 16-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө журналисттердин аккредитация маселеси боюнча суроо узатылды.

"Ооба, журналисттердин аккредитациясы боюнча сунуш келген. Азыркы акыбалда биз медицина кызматкерлеринин койгон алгоритминин негизинде иштеп жатабыз. Байланышты азайтуу, эки адам жакын турбасын деген сыяктуу алгоритмдер бар. Бул багыт боюнча маалымат борборунун жетекчиси Мелис Ашырбаев иштеп жатат. Ал ар дайым журналисттер үчүн ачык болуп келген", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан