Бет кап, илдетти аныктоочу тесттерге болгон күрөштө бай мамлекеттер жакыр өлкөлөрдү четке сүрүп чыгарууда

Латын Америка жана Африканын жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндө коронавирус илдетин аныктоо үчүн жана анын жайылышын алдын алуу үчүн каражаттар жетишсиз. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коргонуучу жана илдетти аныктоочу каражаттардын жетишсиздигинин эң биринчи себеби бул азыркы тапта пандемия күч алып жаткан Европа жана АКШ аларды кымбат баада сатып алып жаткандыгы. Дал ушул өлкөлөр каражаттарды алуу үчүн өндүрүүчүлөргө 3 эсе кымбат бааны сунуштап жатышат.

Бет каптардын жетишсиздигинен улам айрым өлкөлөр ЮНИСЕФке жардам сурап кайрылышкан. Уюмдун камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Этлева Кадилли муктаж болгон 100 өлкөгө жардам берүү максатында 240 миллион бет капка буйрутма берген, бирок азыркыга чейин анын 28 миллионун гана алган.

"Көшөгө сыртында көрүнбөгөн согуш жүрүп жатат. Бул жагдайда жакыр өлкөлөрдүн абалы бизди тынчсыздандырууда", - деп билдирген ал.

Эксперттердин айтымында, эгерде вирус жакыр өлкөлөрдө жайыла турган болсо дүйнө жүзү боюнча ооругандардын жана каза болгондордун саны кескин өсүшү мүмкүн жана пандемия өтө чоң кейиштүү окуяга айланат.

Түштүк Африкада буга чейин ВИЧ жана кургак учук эпидемиялары катталгандыктан, 200 мамлекеттик лаборатория бар. Бирок алардын толук кандуу иштешин чет өлкөлүк компаниялар камсыздап келген. Азыркы тапта керектүү каражаттарды өндүрүүчү компанияларга буйрутмалар көп болуп алардын суроо-талабы аткарылбай жаткан убагы.

Британиялык "Mologic" компаниясы үй шартында коронавирусту 10 мүнөттүн ичинде аныктай турчу тестти өндүрүп чыгууга мамлекет атайын каражат бөлдү. Аталган тесттин баасы 1 долларды түзөт. Аталган компания өзүнүн технологиясы менен "Institut Pasteur de Dakar" лабораториясы менен бөлүшүүгө макулдук берген. Муну менен тесттин баасы ошол бойдон сакталып калат. Бул тестти жеткиликтүү кылүү жана Африка өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жасалап жаткандыгы маалыматта жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан