Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын беришти.
"Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 6 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө”, - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов.