Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 946 адамдан аныкталды. Анын арасынан 92 адам каза болсо, 5 миң 499 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 8 миң 946 адамдын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 560;
Москва облусунда - 831;
Санкт-Петербург шаарында - 374;
Свердлов облусунда - 279 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 353 миң 427 адамдан инфекция аныкталды. 3 миң 633 адам каза болсо, 118 миң 798 бейтап айыгып чыкты.