Бүгүн, 11-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирустун кесепетинен көз жумгандардын саны 100 миң 376 кишиге жетти. Мындай көрсөткүчтү Америкадагы Жон Хопкинс университети жарыялаганын дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Ага ылайык, вирус өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү Италияда.
Жалпы каза болгондордун 75 пайызын төмөнкү өлкөлөр түзөт:
Италия (18 849);
АКШ (17 836);
Испания (15 970);
Франция (12 228);
Улуу Британия (8973);
Иран (4232);
Кытай (3340);
Бельгия (3019).