
Өткөн суткада 28 жаран коронавирустан айыгып чыкты.
24-июнга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын дагы 207 жаран жуктуруп алды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус илдети аныкталгандардын ичинен 25и медициналык кызматкер экени белгилүү болду.
Коронавирус 42-бейтаптын өмүрүн алды. Ал 48 жаштагы Оштун тургуну болгон.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев акыркы аптада коронавирус боюнча абал курчуп кеткенин айтты.
Бишкек боюнча 106 мобилдик топ талап кылынат. Учурда 36 мобилдик топ эле иштеп жатканын республикалык штабдан кабарлашты.
Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү дарыгер коронавируска чалдыкты. Төрөт бөлүмү убактылуу жабылды.
Акыйкатчы институтунун дагы бир кызматкеринен, тагыраагы институттун бөлүмдөрүнүн биринин инспекторунан коронавирус аныкталды.
Жогорку Кеңештин аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 тастыкталды.
Москвада өткөн Жеңиш парадына Сооронбай Жээнбековду коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды. Мындан улам президент иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.
Бишкекке Түштүк Кореядан жана Вьетнамдан Кыргыз өлкөсүнүн
42 жараны кайтып келишти.
Бишкек шаардык мэриясынын бир катар структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Тизме.
Муфтияттан быйылкы ажылык сапар коронавирус инфекциясына байланыштуу
токтотулганын маалымдашты.
Өлкөдө суткасына 50-60 миң даана бет кап чыгара турган
цех ачылды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда.
18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди,
26-апрелди,
27-апрелди,
28-апрелди,
29-апрелди,
30-апрелди,
1-майды,
2-майды,
3-майды,
4-майды,
5-майды,
6-майды,
7-майды,
8-майды,
9-майды,
11-майды,
12-майды,
13-майды, 14-майды,
15-майды,
16-майды,
17-майды,
18-майды,
19-майды, 20-майды,
21-майды, 22-майды,
23-майды, 24-майды,
25-майды,
26-майды,
27-майды,
28-майды,
29-майды,
30-майды, 31-майды,
1-июнду,
2-июнду,
3-июнду,
4-июнду,
5-июнду,
6-июнду,
7-июнду,
8-июнду,
9-июнду,
10-июнду,
11-июнду, 12-июнду,
13-июнду,
14-июнду,
15-июнду,
16-июнду,
17-июнду,
18-июнду, 19-июнду,
20-июнду,
21-июнду,
22-июнду,
23-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.