Бүгүн, 11-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын берди.
Каратаевге Кытайдан келген гуманитардык жардам кайсы жакка жумшалганы боюнча суроо берилди.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн. Кайсы жерде жардам керек болсо, ошол жакка бөлүнөт", - дейт министрдин орун басары.
Министр билдиргендей, бүгүнкү күнү медицина кызматкерлери үчүн миңдей кичи автобустар даярдалган. "Жардам берип жаткандарга ыраазычылык билдирем", - дейт ал.
Коронавирус жуктуруп алгандарга компенсация төлөө иши башталдыбы деген суроо берилди.
Министрдин айтымында, компенсация төлөө иштери баштала элек. "Атайын комиссия чечим чыгарып, сунуш бергенден кийин төлөнөт", - деди Каратаев.
Каратаевдин айтымында, жалпы 44 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылды. Бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды.
Министрдин орун басары билдиргендей, өткөн суткада 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 51. Жаӊы учурлардын ичинен 8 медицина кызматкери Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында.
"Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 339. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 15, Баткен облусунда – 4, Ош шаары – 36, Бишкек шаары – 42, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 4", - дейт Каратаев.
Каратаев учурда 9 адамдын абалы оор, алардын ичинен 5 адам жандандыруу бөлүмүндө экенин айтты.
Министрдин орун басарынын айтымында, коронавирусту жуктурган 41 адамдын ичинен 22 аял, 19 эркек.
11-апрелге карата республика боюнча дагы 41 адам коронавирус жуктурду. Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаары - 6, Нарын облусунда – 2.