"Оптика дүкөндөрү медицина тармагына киргендиктен, аларды ачуу боюнча сунуш беребиз" дейт комендант

Бүгүн, 28-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынын берди.

Жыйында комендантка оптика дүкөндөрү боюнча суроо узатылды.

"Оптика дүкөндөрү дарыкана сыяктуу медицина тармагына кирет. Андыктан бүгүн бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик органдарына сунуш беребиз. Анткени көпчүлүк жарандар оптикалык кызматтарга көз каранды экен. Ошондуктан бул тармакта иштеген дүкөндөрдү ачтырууга аракет кылабыз", - дейт комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ma9
2020-04-28 13:13:09
Ошондо эмне 30 ачылбайбы
+1
ashirbaev78
2020-04-28 13:24:05
Эки кундон кийин 30ачылбайко бул создорундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан