АКШ пандемия учурунда жарандарын алып кетпеген өлкөлөргө виза берүүнү чектейт

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус эпидемиясынын шартында өз жарандарын кайтарууну создуктуруп же аракет көрбөй жаткан өлкөлөргө визалык санкцияларды киргизиши мүмкүн болгон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "РИА Новости" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мыйзам боюнча мындай эреже бузуулар тууралуу мамлекеттик катчыга Американын ички коопсуздук министрлигинин башчысы кабар берип турат. Ал эми мамлекеттик департаменттин жетекчиси 7 күндүн ичинде өлкөлөргө карата чектөө киргизүү чечимин кабыл алат. Алардын эң алгачкысы виза берүүнү чектөө тууралуу болушу мүмкүндүгү маалыматта жазылган.

Коронавирус пандемиясы күчөп жаткан АКШда 466 миң 299 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 31 миң 988 жараны айыкса, 20 миң 602 бейтап көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KalenAlmaz
2020-04-12 10:42:13
Оо трамп туруштук бералбай калган го,бирок силер америкоси гозунорду май басып калган болчусунар бул наказание.
-1
nerrazuri
2020-04-12 11:32:40
Кыргыздар алып кетпегиле ансыз деле бизге виза бербейт.
0
Kitep
2020-04-12 22:10:01
Турция визасы буткон чет олколук жарандарга штраф салбайт экен коронавирус буткучо.
Кимдин ким,кимге ким экенин вирус аныктайт экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан