Казакстандын президенти карантинди дагы эки аптага узартууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик комиссияга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн өлкөдө карантин чараларын дагы эки аптага узартууну тапшырды. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

"Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик комиссияга карантин чараларын эки аптага узартууну, андан кийин этап-этабы менен жумшартууну тапшырды", - деп жазылган өкмөттүн сайтында.

Ошондой эле, коңшу өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин 5-июлда киргизилген катуу чектөө чаралары өлкөдө ооруга чалдыгуунун деңгээлин 29 пайызга төмөндөтүүгө жардам бергенин белгилеген. Анын айтымында, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын саны 1500-1600 кишинин деңгээлинде турукташты.

Мындан тышкары, ооруканалардын жүгү 43 пайызга, анын ичинде жандандыруу бөлүмдөрүндө 27 пайызга төмөндөгөн. Оорудан айыккандардын саны 63 пайызга чейин өскөн.

Казакстанда карантин режими 5-июлда киргизилип, 13-июлда айдын аягына чейин узартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан