Сандардан улам жаңылган саламаттыкты сактоо министри. Обсервацияда 10 097 адам жатабы же 1097 адамбы? (видео)

Бүгүн, 8-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берип жатып обсервацияда жалпысынан 10 миң 97 адам жатканын билдирген.

Кийин республикалык штаб дагы маалымат таратып, анда обсервацияда жаткандардын саны 1097 адам деп берилди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы тактоо иретинде Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканда, министрдин орун басары Мадамин Каратаев обсервацияда жаткандардын саны 1098 адам экендигин айтты.

Министрдин бир апта ичинде канча жолу жаңылгандыгынын топтому бул шилтемеде.

Саламаттыкты сактоо министри обсевацияда жаткандардын саны боюнча адашып калдыбы?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dani
2020-04-08 21:06:21
Аксакал болду эми ,жаштарга бериниз ордунузду кулуп жайнап
+13
Farm94
2020-04-08 21:12:44
Бул министир ушуну м.н 3-жолу жанылышы цифралардан
+6
isarti
2020-04-08 21:14:45
Мунусу деле жеткен Бир сабатсыз неме экен да. Аркы беркисин тушунгон сабаттуу адам мынчалык адашпайт.
+8
Asman779
2020-04-08 21:23:54
Биздин министрдин айынан Американын Жон Хопкинс сайтында да туура эмес маалымат журот. Ал сайтта айыккандар 33 деп журот, бизде азыр 25.
+8
baku24
2020-04-09 01:36:31
Asman779,33 дегенин угуп алышкан го ал жактагылар да
+1
Gulya78
2020-04-08 21:38:32
Аа ошондой дегилечи мен эрте менен 10миң деп жүрөгүм түштү эле
+3
Islambek123
2020-04-08 21:39:21
Чалдардын окмоту баары эле кетиш керек озу.
+6
katerina.li
2020-04-08 21:42:33
Кызык киши экен,озунун жумушун билбеген. Кочодон эле бироону алып Келип койгондойго
+3
akskg
2020-04-08 22:26:09
katerina.li, балким сөздөн жаңылганы менен өзүнүн жумушун мыкты билген чыгаар.
+3
Mister-X
2020-04-09 00:56:21
akskg,Бул министр буга чейин эле кылмыш кылган экен го.Сайттардан окудум.
+5
Zulaika94m
2020-04-09 07:07:35
Mister-X,кайсыл сайттан окудунар? Жазып койгулачы
+1
katerina.li
2020-04-09 12:32:25
Zulaika94m,балдарга СПИД жукканда ушу воачтын шалаакылыгынан болгон дешет ко
+1
Samatalibei
2020-04-08 22:25:24
Министир Онлайн сабак алыңыз! Жаттап анан түз эфирге чыгыныз. Көп жаңыла турган учур эмес!
+2
Altyn2017
2020-04-08 22:35:43
что за не грамотный человек жазып бергенди туура айталбаган ХХХХ экенда.
+3
Nur777
2020-04-08 22:54:08
Озу эпидемиолог болсо сандарды чаташтырбай так санын уктаган жеринен ойготсо да билип журуш керек,анткени эпидемиологдор оору менен курошот, оорулуулардын санын азайтуу башкы милдети,анан канча оорулуу бар экенин билбесе кандай эпидемиолог,санды так биле журуш керек,эпидемиология статистика менен взаимосвязаны...
+3
chake
2020-04-08 23:46:25
карап турсаң баары эле акылдуу көчөдөгү бомж да кыйын сүйлөй кетсе балким иш жөндөмдүүлүгү жакшыдыр
-3
Islambek123
2020-04-08 23:59:26
Онолор онолор деп отуруп ушундай болуп жататко
+5
titanik32
2020-04-09 05:58:39
Өзүбүз зорго коркуп ооругандар көбөйбөсө экен деп күндө жаңылыкты карап жатсак,бул чал өлтүрөт го жүрөктү түшүрүп.Карып эле калыптыр алжып,саламаттыкты сактоо министерство эсеп кат тааный турган сабатураак так даана сүйлөй турган өз ишин катырган уул кыздарга берип суйлөтсөнор.Бул чал жарабайт ар чыккан сайын алжып сүйлөп адашып.Местаны креслону бошотсун жаш иштей турган жаштарга.
+2
raia
2020-04-09 10:50:23
Бир адам кошулса канчалык журок ооруйт...
Биринчиден Аллахтан умут кылып суранып,экинчиден ушулардын оозун тиктейбиз жакшы соз угар бекенбиз деп,Эл эли менен журт журту менен тилегенибиз жакшылык кутконубуз жакшылык...
Жакшылыктын кана жарчысы болуп бизге жакшылыкты айткылачы...
10 минден аштыбы деп дене бойубуз дуркуроп,конулубуз чогуп кетти...

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан