Кыргыз өлкөсү боюнча бир күндө 18 миң адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи дозасы менен 16 миң 516 адам эмделсе, экинчи дозаны 1 миң 536 адам алган.
Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 1 миллион 250 миң доза өлчөмүндөгү Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы өлкөгө кечээ жеткирилген.