
Индияда 1 сутка ичинде 900дөн ашык адамда коронавирус аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 8 миң 356га жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 715 адам оорудан айыгып, 273 адам көз жумган.
Ооругандардын эң көп саны Махараштра штатында катталган. Анда 1 миң 761 адам, андан соң Делиде 1 миң 69 жаран, ал эми үчүнчү орунда 969 адам менен Тамилнад штаты турат.
Индияда карантин 14-апрелге чейин жарыяланган. Ал эми Махараштра, Карнатака, Батыш Бенгали жана Телангана штаттарында карантин 30-апрелге чейин узартылган.