Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берген. Ал Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары тарабынан социалдык жактан кайрылуулар түшүп жатканын айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көз салып турууну жарандардан өтүндү.
"Урматтуу мекендештерим, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында социалдык жактан бир топ кайрылуулар түшүп жатат. Аларга көңүл бурбай койбостон бардык маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө жардам бергенге аракет кылуудабыз. Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы демекчи, ар бир айылда, райондордо элдин жүгүн көтөрө билген, мекенчил, берешен, колунда бар инсандарга кайрыларым, мүмкүн болсо кошуна, айылдаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга көз салып, жардам колун сунуп, ушундай оор күндөрдө жалгыз таштап койбой колдоп коюшуңуздарды суранам", - деди комендант.