Ысык-Көлдө өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап санитардык талаптарды аткарбаган 3 жаранга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, карантиндик чектөөлөр киргизилгенден бери 119-берене ("өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу") менен 4 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, анын 3 иши кыскартылган. Ошондой эле 127-берене "чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу" менен 6 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, 4 иш боюнча өндүрүш уланууда.
Рейддик жана текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси ("ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") боюнча 16 протокол жана 150-берененин ("коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу") талабына ылайык 1 протокол түзүлгөн. Натыйжада 3 жаранга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды. Негизги укук бузуулар – үй карантин талаптарын бузуу болуп эсептелинет.