Эскертүү! Муфтият 8-июндан тарта мечиттерге келүү тартибин жана талабын жарыялады

Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы 8-июндан тартып мечиттерге, намазканаларга келүүнүн, имараттын ичине кирүүнүн жол-жоболорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жума намазга келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу;
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүсү;
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1 жарым метрлик аралыкты сактоо;
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып учурашуусуна тыюу салуу;
  5. Даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо;
  6. Балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу;
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү;
  3. Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү;
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
O.dembele
2020-06-04 20:35:22
МашаАлла'х мечитти сагынгандар барбы?
+26
Tyty1990
2020-06-04 20:46:29
Аллаху Акбар
+8
Nursul
2020-06-04 20:47:38
Жакшы жанылык, жаамат болотко жамаат окуй келгенде деле туура эмес
+3
Aimani
2020-06-05 01:05:13
Nursul,жамаат туура болот
0
Gulipa
2020-06-04 23:30:08
Кафе,ашканаларда аралыкты сактагыла деген пенде жокко.Элдин баары базарларда,магазиндерде кайнап эле жүрүшөт.Аралык сакталмак түгүл пробка
+5
Ruslan-Gaparov
2020-06-05 01:52:29
МашАЛЛА
+1
temirov76
2020-06-05 07:53:43
Дин жакпагандарга бул тема сунуш кылынбайт,объезд жол менен айланып отуп кете берсе болот.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан