Коңшу Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 911ге жетти. Анын 86сы илдеттен айыкса, 10у каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн штабы билдирди деп жазышат казак басылмалары.
Жабыркагандар төмөнкү аймактардын тургундары:
Нур-Султан шаарында - 249;
Алматы шаарында - 145;
Кызыл-Ордо облусунда - 117;
Акмола облусунда - 71;
Караганда облусунда - 65;
Атырау облусунда - 59;
Жамбыл облусунда - 46;
Шымкент шаарында - 38;
Түркестан облусунда - 36;
Түндүк Казакстан облусунда - 25;
Алматы облусунда - 12;
Актөбө облусунда - 11;
Мангистау облусунда - 10;
Павлодар облусунда - 10;
Батыш Казакстан облусунда - 8;
Чыгыш Казакстан облусунда - 6;
Костанай облусу - 3.