Коңшу Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 14-апрель саат 20:00гө карата 1 миң 199га жетти. Вирус аныкталгандардын ичинен 18и Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин чек ара академиясынын курсанттары экенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Өзгөчө абал учурунда Алматы облусундагы Медеу районундагы коопсуздук жана түшүндүрүү иштерине академиянын 150гө жакын курсанттары тартылган. Курсанттар пландык негизде текшерүүдөн өтүшөт. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата 18 курсанттан вирустун белгилери бар деп чыкты. Алар кызмат учурунда тиешелүү коргонуучу каражаттар - бет каптар, кол каптар менен камсыздалган. Илдетти жуктуруп алгандардын абалы жакшы, алар изоляцияга алынган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган өлкөдө вируска кабылгандардын ичинен 203ү илдеттен арылса, 14ү каза болду.