Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда тартип бузган айдоочуларга чаралар көрүлүүдө.
Өзгөчө абал киргенден бери Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында көчөлөрдө өткөрмө кагаздары же маршруттук баракчалары жок, максатсыз, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн автоунаа башкарып жүргөн жалпы 833 айдоочу аныкталган.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр тарабынан коменданттык саат тартибинин талаптарын бузгандыгы үчүн - 119 автоунаа атайын токтотулуучу жайга киргизилген. Жалпысынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 143 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, чаралар көрүлүүдө.