Кытайлык Sinopharm вакцинасы аптанын аягында Кыргыз өлкөсүнө алып келинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифингде билдирди.
"Республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы турууга багытталган иш-чаралардын алкагында ушул аптанын соңунда Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келери күтүлүүдө. Анын 1 миллион 100 миң дозасы республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды. 150 миң дозасы Кытай тараптан гранттык негизде берилди.
Азыркы учурда ушул эле вакцинанын дагы 1 миллион 250 миң дозасы үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында кошумча сатып алуу маселеси да каралып жатат. Белгилей кетсем, учурда өлкөнүн калкынын саны 6 миллион 574 миң 361 адамды түзөт. Эмдөө боюнча улуттук планга ылайык, калктын 70 пайызы же 2 миллион 187 миң 417 адам эмделүүгө тийиш", - деп билдирди Бакашова.
Буга чейин Кытай мамлекети коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде 150 миң доза Sinopharm вакцинасын бергени маалымдалган.