Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 974 адам жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 миң 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 417;
Башка байланыштар (II категория) – 5 миң 683.