Ысык-Көл облусунда коронавирус менен ооруган үч адам калды. Үчөө тең Караколдо

Ысык-Көл облусунда коронавирус инфекциясы менен ооруган үч адам калды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифинг учурунда билдирди.

"Ысык-Көл облусунда кырдаал туруктуу. Бүгүнкү күндө инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн жетишерлик деңгээлде иш алып барып жатабыз. Облус аймагында 13 адамдан инфекция аныкталса, алардын 10у толугу менен айыгып чыкты. Каракол шаарындагы облустук ооруканада 3 адам дарылануусун улантып жатат. Алар сырттан келгендер. Тагыраагы, Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген жаран, экинчиси Нарын облусунан келген куруучу жана үчүнчүсү Германиядан картошка жүктөп келген Бишкек шаарынын тургуну. Биздеги коронавирус аныкталган 13 жарандын 8и сырттан келгендер жана 5и алардын үй-бүлө мүчөлөрү", - деди Осмоналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2020-05-18 21:32:43
Сырттан келгендер курутуп атат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан