Өлкө боюнча ооруканаларда жалпысынан 649 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты бар. Анын 365и иштесе, калганы иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Жасалма дем алдыруу аппаратынан дагы 80 даана керек. Бул аппараттар министрликтин сатып алуулар боюнча долбооруна киргизилген. Ал эми фонддор тарабынан 4 жасалма дем алдыруу аппараты алынып, алар Бишкек шаарындагы, Баткен облусундагы, Токмок жана Жалал-Абад шаарларындагы инфекциялык стационарларга берилди. Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавируска кабылгандарды кабыл алуучу 13 стационар бар", - деди ал.
14-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 430га жетип, анын 71и айыкты. 5 жаран каза болгон.