Бүгүн "Аламүдүн" базары иштебейт. Буга чейин коронавирус катталып жатканына байланыштуу "Орто-Сай" базары жабылган эле

Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги "Аламүдүн" базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, базар санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарып, дезинфекциялоо жүргүзүү үчүн жабылганы айтылат.

"Тийиштүү буйрукка шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койду. Базардагы бардык соода түйүндөрү ээлик кылган формасына карабай, убактылуу иштебей турат", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми "Аламүдүн" базарынын администрациясынан бул бир күндүк гана чара экенин, базар эртең, 16-июндан баштап кадимкидей режимде иштей турганын маалымдашты.

Буга чейин "Орто-Сай" базары 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү максатында жабылган. Анда бир катар жарандардан кайрылуулар болуп, алар аталган базарга баргандан кийин коронавирус жуктуруп алышканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан