Италиянын "Ювентус" клубунун жана Аргентина курамасынын чабуулчусу, белгилүү футболчу Пауло Дибала коронавирустан толук айыгып чыкты. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.
"Менин абалым кандай экенин жүзүмөн байкасаңар болот. Мен акыры коронавирус инфекциясынан айыгып чыктым”, - деп жазган футболчу.
Маалыматка ылайык, футболчудан алгачкы жолу коронавирус инфекциясы март айында аныкталган. Акыркы жети аптанын ичинде 26 жаштагы футболчу инфекцияга каршы төрт жолу тест тапшырып, бардыгынан тең коронавирустун бар экендиги аныкталган.