Ошто картошка, сарымсак жана башка жашылчалардын баасынын жогорулашы коронавируска байланыштуу эмес экендиги айтылды

Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Анда Ош шаарында жана жалпы облус боюнча сарымсак, картошканын баасы кымбаттап кеткени тууралуу суроо узатылды.

"Картошка менен сарымсактын кымбатташы учурдагы абалга байланыштуу эмес. Анткени жылда эле ушул маалда жаңы чыккан жашылчалардын баасы көтөрүлөт. Бир жагынан дыйкандар өз мээнеттерин чыгарып алуу үчүн дагы бааны жогорулатат. Ошондуктан мындай көрүнүш мезгилдин шартына байланыштуу. Ошол эле маалда мисалы, Араванда 5 сом турган сарымсак Ош шаарына келгенде баасы 15 сомго чыгат. Андыктан бул убактылуу көрүнүш", - дейт Узарбек Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-Sumitra-
2020-04-14 16:29:49
Ошо чесноктун бир штугу 15сом болгону туура деп жатасынарбы ошондо?Откоруп атабыз дейсинер .Бизди продуктага откорбой жатышат.
0
Mahabatym...
2020-04-14 19:35:16
Картошканы 40сом, болгарский 500сом, чеснок 600сом бп жатат бул адаттагы көрүнүш эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан