Бүгүн, 15-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 73 миллион 190 миң 427 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 51 миллион 324 миң 489 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 627 миң 900 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 16 миллион 942 миң 822 болду. 308 миң 089 адам каза болсо, 9 миллион 871 миң 663 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 906 миң 507 адамдан аныкталды. 143 миң 746 адам каза болсо, 9 миллион 422 миң 636 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 929 миң 409 адам вируска кабылган. 181 миң 945 бейтап көз жумса, 6 миллион 160 миң 085 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.