Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн форматын карап чыгууну сунуштады. Анда републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга өзгөчө абал мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунушу айтылат.
"Ооругандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүнөн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз. Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.
Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз", - деп айтылат маалыматта.