SUPER.KG порталына ата-энелер балдарын караганга эч ким жок болуп жатканын айтып кайрылышты. Алар бала бакчалардын иштебей жатканы аларды түйшүккө салганын айтышты. Атын атагысы келбеген эненин айтымында, анын баласы барган борборубуздагы бала бакчалардын бири ачылат деп кулактандыруу берген. Бирок эне баласын бакчага алып барганда мекеме жабык болуп чыккан.
"Убара тарттырбай, кызматкерлер жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасаса. Эки жолу баламды бакчага алып келип, убара тартып кайра кетип жатам. Бул мени абдан ызалантты. Анткени мен элдей болуп баламды айылга салып жибере албайм, жумуштан калсам тамак-аш маселеси татаалдайт", - деп билдирди.
Мындан улам биз шаарда канча бала бакча иштеп жатканына кызыктык. Биринчи Май районуна караштуу №61 бала бакчасы 8-июндан тарта иштеп баштады. Бала бакчанын директору Аида Бектемированын айтымында, учурда бала бакчага өтө муктаж болгон ата-энелер балдарын алып келип жатат. Бала бакчанын имаратынын ичине кирүү тартиби күчөгөн. Ата-энелер да бул талаптарга түшүнүү менен мамиле жасоосу керек.
"Бала бакчага кирүү тартиби мурункуга салыштырмалуу аябай өзгөрдү. Биз балдарды текшерип, ар бир кадамын көзөмөлгө алып, сырткы бут кийимдерин баштыкка салып коюп жатабыз. Мекемеде санитардык нормалар, талап кылынган эрежелер сакталууда ", - деди ал.
Мындан сырткары "2 айлык карантинден кийин балдар бакчага көнө албай жатканын эске албаганда, баары баштагыдай, өз калыбында" деп кошумчалады ал.
Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын бала бакчаларды көзөмөл кылган жетектөөчү адиси Чынара Майтикованын айтымында, азыр колдон келсе ата-эне балдарын үйдө кармап, кырдаалды туура түшүнсө жакшы болмок. Бирок зарыккан ата-энелерди эске алуу менен алар бала бакчаларды этаптуу түрдө күнүнө 2-3төн ачып жатышат.
"Азыркы тапта 87 бала бакчанын ичинен 15и муктаждыкка жараша ачылып, иштеп жатат. Бизге бала бакчалардын ачылуусун суранып чалган ата-энелер көп болуп жатат", - деди Майтикова.
Бала бакчада иштеген 6 кызматкерден коронавирус аныкталганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйын учурунда билдирген. Ал мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу менен бирге жумушка тартылган кызматкерлердин арасында массалык түрдө скрининг жүргүзүү чечими кабыл алынганын жана жумушка чыга турган 2 миң 500 адис текшерүүдөн өтөрүн айткан. Мындан улам азыркы тапта коронавирус аныкталган бала бакчалар иштебей, жумушун токтоткон.
Бактыгүл Султаналиева эки баласын борборубуздагы бала бакчалардын бирине алып барат. Ал ата-эне катары айтылган талаптарды аткарып, анализди менчик лабораторияга барып тапшырган. Айтымында, мамлекеттик мекемелерде адамдардын кезеги көп болгондуктан, ал жакта талап кылынган эрежелер сакталбай жатат. Мындан улам жолдошу менен кеңешип, менчик лабораториянын кымбаттыгына карабай, анализ тапшырган. Анткени алар үчүн баланын коопсуздугу башкы орунда.
"2 жарым ай бою карантинде бала бакчалардын иштебей турганы чынында оор болду", - дейт ал.
Каарманыбыз бала бакчаларда эрежени сактабаган ата-энелер да болуп жатканын айтты. "Жарандар арасында дагы да болсо түшүнбөстүк бар экен", - деп кошумчалады Султаналиева.
Расмий маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында жалпы 87 бала бакча иштейт жана ал бала бакчаларга барган балдардын саны 31 миңден ашат. Азыркы тапта 87 бала бакчанын ичинен 15 бала бакча иштеп жатат.